www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районундагы «Элита» мамлекеттик асыл тукум станциясында суюк азот өндүрүүчү жабдуулар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, модернизацияланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор министрликке караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматы менен КОРИА борборунун кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылган.

Модернизациянын натыйжасында станциянын өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулап, өлкө боюнча жасалма уруктандыруу үчүн зарыл болгон суюк азотту үзгүлтүксүз өндүрүү жана жеткирүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилди.

Министрлик белгилегендей, 2025-жылы республикалык бюджеттен жасалма уруктандырууну өнүктүрүүгө 60 миллион сом бөлүнгөн. Анын алкагында кеминде 200 миң уй жана кунаажынга жасалма уруктандыруу жүргүзүү пландалган.

Учурда фермерлерге жогорку генетикалык сапаттагы асыл тукум букалардын уруктары акысыз берилип, чарбаларда жасалма уруктандыруунун натыйжасында алынган алгачкы төлдөр төрөлө баштаганы маалымдалды. 

Последние новости