www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков баштаган делегация Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында Өзбекстандын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Тоир Алиматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда эки өлкөнүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар курулуш тармагындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, көзөмөл системаларын санариптештирүү, заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу боюнча пикир алышты.
Ошондой эле курулуш процесстеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, объекттерди натыйжалуу көзөмөлдөө жана санариптик чечимдерди кеңири колдонуу аркылуу тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар курулуш тармагындагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган иштерди мындан ары да улантууну белгилешти.