www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасы жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо системасын санариптештирүү иштеринин алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2026-жылы республика боюнча калкка 390 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотот.

Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган.

390 миң даана акылдуу эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү:

Бишкек шаары – 91210 даана;

Чүй облусу – 89129 даана;

Ош олусу – 68242 даана;

Баткен облусу – 54997 даана;

Жалал-Абад облусу – 71546 даана.

Санариптештирүү иштеринин негизги максаты — электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгын жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу, электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана тармакта санариптик инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.

Акылдуу эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде электр энергиясын керектөөнү так эсептеп, техникалык жактан тез аныктоого, уруксатсыз кошулууларды алдын алууга жана эсептешүү үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, бул система керектөөчүлөргө өз керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт.

📞 Электр энергиясына байланыштуу суроолор үчүн төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

105; 📱 +996 772 001209; +996 556 001209 📲 WhatsApp: +996 702 001209

Последние новости