www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.

Анын ичинде Чечме булагын биргелешип пайдалануу, эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана Ысык-Көл облусундагы курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол жана башка документтер бар.

2025-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Чечме булагы талаштуу болуп келгенин, чек ара такталгандан кийин ал Кыргызстанга өткөнүн айткан.

2022-жылы ноябрда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Фергана облусундагы Сох районуна жакын жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагына байланыштуу орток пикир табылганын билдирген. Ага ылайык, булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, аны тараптар өзүнчө макулдашарын кошумчалаган.

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатканы айтылган.

Последние новости