www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Монголиянын Коргоо министри менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Монголия Коргоо министрлигинин делегациясынын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өтүп, бир катар расмий иш-чаралар менен коштолду.
Сапардын алгачкы бөлүгүндө Монголия делегациясы Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор менен биргеликте не барып, кыргыз элинин тарыхындагы кайгылуу окуялардын курмандыктарына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерге арналып гүлчамбар коюшту.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде расмий тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Кийин министрлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-монгол аскердик кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Тараптар Куралдуу Күчтөр ортосундагы тажрыйба алмашуу, даярдыкты жогорулатуу жана өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерине токтолушту.
Министр Руслан Мукамбетов Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы аскердик кызматташтык өз ара пайдалуу мүнөзгө ээ экенин белгилеп, бул демилгелер регионалдык коопсуздукту жана эл аралык туруктуулукту чыңдоого салым кошорун айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн коргоо ведомстволору ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана практикалык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экени ырасталды.
Иш сапардын алкагында Монголия делегациясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бир катар аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү менен да таанышат.