www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл медициналык кадрларды даярдоо, алдыңкы кесиптик тажрыйба алмашуу, заманбап медициналык технологияларды жайылтуу жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы институттук кызматташууну өнүктүрүүгө бурулду.
Министр Дамир Осмонов Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга, ата мекендик адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө жана саламаттык сактоонун улуттук системасына дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө өбөлгө түзгөн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Өз кезегинде Франция Республикасынын Элчиси Николя Фай француз тарап Кыргыз Республикасы менен кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастап, өз ара кызыкчылык жараткан демилгелерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдирди.
Кызматташтыктын практикалык жыйынтыктарынын бири кыргызстандык дарыгерлердин Францияда квалификациясын жогорулатышы болду. Жолугушуунун алкагында саламаттык сактоо министри жана Франциянын Элчиси кызматташтык жөнүндө колдонуудагы меморандумдун алкагында Франциянын медициналык мекемелеринде окуусун ийгиликтүү аяктаган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын төрт адисине сертификаттарды тапшырышты. Сертификаттар оториноларингология, неврология, эндокринология жана офтальмология адистиктери боюнча дарыгерлерге ыйгарылды.
Жолугушуунун катышуучулары мындай билим берүү программалары ата мекендик саламаттык сактоо тармагынын кадрдык потенциалын чыңдоого, медицина кызматкерлеринин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана диагностика менен дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Ошондой эле тараптар Париждин университеттик ооруканалары (Assistance Publique – Hôpitaux de Paris, AP-HP) менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Анын алкагында академиялык жана кесиптик алмашууну кеңейтүүнү, медицина кызматкерлери үчүн стажировкаларды уюштурууну жана биргелешкен билим берүү демилгелерин өнүктүрүүнү караган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду даярдоо каралууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында Дамир Осмонов менен Николя Фай Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды жайылтууга багытталган кыргыз-француз кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого эки тарап тең даяр экенин ырасташты.