www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту. Беларустун тышкы саясий мекемесинин башчысы Кыргызстанга 22–23-июль күндөрү расмий сапар менен келди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-беларусь мамилелеринин учурдагы абалын жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Министрлер саясий диалогдун жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөттөрдүн деңгээлинде үзгүлтүксүз байланыштар уланып жатканын айтышты. Ошондой эле буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген келишимдердин аткарылышы каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү жана тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды уюштуруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ жана ЖККУ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча пикир алышты.
Беларустун Тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Ал эми Жээнбек Кулубаев Беларусь тарапты 2027-жылы өтө турган Экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда Максим Рыженков Жээнбек Кулубаевди Беларусь Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.