www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 5-июнунда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги агрардык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.

Алардын катарында үрөнчүлүк тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бар. Документ селекция, сорт сыноо, үрөн өндүрүү, өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо багыттарында өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн адистештирилген уюмдарынын ортосунда тажрыйба жана технология алмашууну карайт.

Мындан тышкары, тараптар Айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы кызматташуу боюнча Кыргыз-Беларусь биргелешкен көмөкчү комиссиясынын биринчи жыйынынын протоколуна кол коюшту. Анда айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларынын өз ара соодасын кеңейтүү, асыл тукум мал чарбачылыгы, ветеринария жана үрөнчүлүк багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жетишилген макулдашуулар бекемделген.

Министрликтин маалыматына ылайык, кол коюлган документтер кыргыз-беларусь өнөктөштүгүн чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

Ошондой эле алар агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана эки мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Последние новости