www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги менен Россиянын "ВТБ медицина" акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Ведомстводон маалымдашкандай, документке министр Дамир Осмонов жана компаниянын башкы директору Сергей Нечаев кол коюшту.
Бул макулдашуу өлкөдөгү медициналык жардамдын сапатын көтөрүүгө жана санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган.
Анын алкагында заманбап технологияларды колдонуу менен аралыктан дарылоо жана тажрыйба алмашууну жолго коюу, кыргызстандык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана дарыгер-ординаторлорду окутуу программаларын кеңейтүү, эки өлкө ортосунда бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо шарттарын жакшыртуу каралган.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Дамир Осмонов маанилүү демилгени көтөрдү. Ал учурда Түркия менен иштеп жаткан ийгиликтүү тажрыйба сыяктуу эле, Кыргызстандын жарандарын жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн Россиянын алдыңкы клиникаларына жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Россия тарап, анын ичинде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов баштаган өкүлдөр бул сунуштарды кубаттап, демилгелерди мындан ары биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.