www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кытайдан жеңилдетилген насыя алат. Көлөмү 305 млн доллар өлчөмүндөгү бул насыя 25 жылга, жылдык 1,5% үстөк менен берилет. Транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев белгилегендей, каржылоо шарттары өтө жеңилдетилген деп эсептелет.

Магистралдын жалпы наркы 5 млрд долларды түзөт. Анын ичинен 4,7 млрд доллар Кыргызстан аймагындагы бөлүккө жумшалат. Долбоордогу Кыргызстандын үлүшү — 24,5%. Өлкө өз салымын мамлекеттик бюджеттен жана Кытайдын насыясынан тең бөлүп каржылайт. Бул ири долбоорду башкаруу үчүн үч өлкө биргелешкен ишкана түзүшкөн.

Последние новости