www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ички рынокто күйүүчү-майлоочу материалдар (ГСМ) менен туруктуу камсыздоону камсыз кылуу максатында күнүмдүк мониторинг жана комплекстүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө учурда ГСМ жетиштүү көлөмдө топтолгон. Жеткирүүлөр мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, камсыздоо процесси туруктуу көзөмөлдө турат.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги бөлүгүн импорттогондуктан, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде геосаясий кырдаал, логистикалык тобокелдиктер жана мунай бааларынын өсүшү ички рынокко да таасирин тийгизери белгиленди.

Ошол эле учурда Министрлер Кабинети жана Энергетика министрлиги энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана ички рыноктун туруктуулугун сактоо боюнча ыкчам чараларды көрүп жатат. Бул багытта Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлүп, жеткирүү булактарын кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Мындан тышкары, ички өндүрүштү күчөтүү максатында «Кыргызнефтегаз» ишканасы жана «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна иш сапарлар уюштурулуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышуу жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана ички рынокту туруктуу камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле ички рыноктогу баа кырдаалына туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлер менен үзгүлтүксүз иш алып барып, жеткирүү, баа түзүү жана логистикалык маселелерди талкуулап жатат.

Министрлик өлкөдө ГСМ менен камсыздоо иштери пландуу түрдө улантылып жатканын жана кырдаал мамлекеттик органдардын туруктуу көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Последние новости