www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло жана ЕБ делегациясынын кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолугушуу өткөрдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча «кара тизмесинен» чыгарылгандан кийинки кызматташууну өнүктүрүү болду.
Европалык тарап бул жетишкендик менен кыргызстандык тарапты куттуктап, аталган чечим өлкө үчүн эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча практикалык кадамдарды талкуулашты. Данияр Бостонов учурда Германия жана Польшага үзгүлтүксүз каттамдарды ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
Мындан тышкары, жолугушууда улуттук авиациялык инфраструктураны модернизациялоо, инспекторлордун жана авиадиспетчерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды. Ошондой эле Asman Airlines авиакомпаниясын өнүктүрүү, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү жана тармакка эл аралык инвестицияларды тартуу боюнча пикир алышуу болду.
Жолугушуунун соңунда тараптар жарандык авиация тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин жана кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.