www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2026-жылдагы Fiscal Transparency Report баяндамасында фискалдык ачык-айкындуулуктун минималдуу талаптарына жооп берген өлкөлөрдүн катарына кирди.
Отчетто АКШнын Мамлекеттик департаменти 139 өкмөттүн жана Палестина администрациясынын фискалдык ачык-айкындуулугун баалаган.
Алардын ичинен 73 мамлекет оң баага ээ болгон. Алардын катарында Кыргызстан жана Казакстан бар.
Ал эми 67 өкмөт жана администрация белгиленген минималдуу талаптарды аткарган эмес. Алардын ичинен 14 өлкөдө, департаменттин баалоосуна ылайык, олуттуу жылыштар байкалган.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан да талаптарга жооп берген өлкөлөрдүн катарына кирген.
Ал эми Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан 2026-жылы минималдуу критерийлерди аткарбаган мамлекеттердин тизмесине киргизилген.
Баалоо 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган.
Фискалдык ачык-айкындуулукту аныктоодо мамлекеттик бюджеттердин жеткиликтүүлүгү жана толуктугу, кирешелер жана чыгашалар тууралуу маалыматтардын ачыктыгы, мамлекеттик карыз, финансылык отчеттордун аудити, мамлекеттик сатып алуулар, ошондой эле жаратылыш ресурстарын казып алуу тармагындагы келишимдер жана лицензиялар тууралуу маалыматтар эске алынган.
2026-жылы баалоо критерийлери күчөтүлгөн. Анын ичинде мамлекеттерден чет өлкөлүк карыз алуучуларга берилген суверендүү насыялардын шарттарын, анын ичинде милдеттенмелер жана күрөөгө коюлган активдер тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткиликтүү кылуу талап кылынат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти оң баа өлкөнүн фискалдык ачык-айкындуулук боюнча белгиленген бардык минималдуу талаптарды аткарганын билдирерин белгилейт.
Ошол эле учурда отчет коррупциянын деңгээлине баа бербейт. Фискалдык ачык-айкындуулук талаптарына жооп берүү коррупциянын деңгээли төмөн экенин автоматтык түрдө билдирбейт.
Тескерисинче, талаптарга жооп бербөө коррупциянын деңгээли жогору экенин да өзүнөн-өзү далилдебейт.