www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-августта Алматы шаарында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жетинчи жыйыны өттү. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын атынан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков катышып, өлкөнүн агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдирди.
Өз сөзүндө министр ЕАЭБ алкагында өз ара сооданы кеңейтүүнүн, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруунун, заманбап агротехнологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле негизсиз административдик жана техникалык тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгына көңүл бурулду.
«ЕАЭБдин потенциалы өз ара сооданы кеңейтүү менен гана чектелбестен, биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды түзүүдө, кайра иштетүүнү өнүктүрүүдө, технологияларды трансферттөөдө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда турат», — деди Эрлист Акунбеков.
Министр айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду каржылык колдоо механизмдерине кыргызстандык ишканалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.
Анын айтымында, мындай долбоорлор жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө, кайра иштетүүнүн жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 832,2 млн долларды түзгөн.
Кыргызстан соода жүгүртүүнү мындан ары көбөйтүү үчүн айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын түрлөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле кошумча наркы жогору товарлардын үлүшүн көбөйтүүгө потенциал бар экенин белгиледи.