www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таанышуу сапары менен барды.

Ведомстводон билдиришкендей, бул сапар 2021-жылдан тартып ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы энелердин жана ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу максатында ДССУнун стационардык жардамды жакшыртуу боюнча долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Жолугушууда тараптар стационардык жардамды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, бул багыттагы мындан аркы кадамдар боюнча пикир алышты. Мүмкүн болгон биргелешкен демилгелерди талкуулоого өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer - Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди.

"Бул программа Кыргызстанга балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле арзан жана керектүү дары-дармектерге жана технологияларга жеткиликтүүлүк, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо жакшырат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости