www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №30 даректе уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган.

Объект мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштерин баштаганы белгилүү болду.

Тактоо иштеринин натыйжасында бул объект Кыргыз-Түрк “Манас” университетине таандык 1100 орундуу жатакана экени аныкталды.

Аталган курулуш иштери “Битрейд Импекс” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатканы белгилүү болуп, компанияга карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш уюмдарын жана компанияларды шаар куруу жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырып, уруксатсыз жүргүзүлгөн иштер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Последние новости