www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-сентябрда Кырчын этношаарчасында тайгандардын 400 метр аралыкка жарышы өтүп, анда кыргыз тайганы Жебе Өзбекстандын атынан чыгып, биринчи орунду ээледи.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.
Жеңишке жеткен Жебе 2,5 жашта. Анын ээси Асылбек Козукулов. Тайган Талас облусунун Кара-Буура районунан.
Козукуловдун айтымында, Жебе буга чейин 9-майда өткөн жарышта да биринчи орунду алган.
Бул жолу Кыргызстандын курамына кирбей калгандыктан, ээси Өзбекстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, тайганды алардын атынан мелдешке чыгарган. Анын айтымында, мелдештин эрежелери буга уруксат берет.
Жебе жарышка 2,5 ай даярдалып, машыгуулар күн алмашып өткөрүлгөн.
Мелдеште экинчи орунду Таластын Бакай-Ата районунан келген 4,5 жаштагы Кыраан аттуу тайган ээледи.
Үчүнчү орунду Жебе менен бир тууган, 2,5 жаштагы Шахин аттуу тайган алды. Ал да Өзбекстандын атынан катышкан.
Ошентип, мелдеште алдыңкы үчтүккө кирген тайгандардын экөө — Жебе менен Шахин — кыргыз тукумундагы бир тууган тайгандар болуп, бул жарышта Өзбекстандын атынан чыгышты.