www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 24-февралында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында кыргыз тарап тарабынан дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Министр Ж.Кулубаев Женева шаары дүйнөлүк дипломатиянын негизги борборлорунун бири экенин өзгөчө белгилеп, күч алып жаткан жаңжалдар, гуманитардык кризистер жана климаттык чакырыктар шартында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши дүйнөдө адам укуктарынын системалуу бузулуштарын алдын алуунун жана диалог жүргүзүүнүн эң маанилүү куралы бойдон калып жатканын баса көрсөттү.
Ж.Кулубаев Кыргызстан Кеңешке үчүнчү ирет мүчө болуп, 2025-жылы жыйынтыкталган мүчөлүгүнүн жыйынтыгында адам укуктарына берилгендик өлкө үчүн декларативдүү мүнөздө эмес, практикалык мазмунга ээ болгонун жана бул багыт ички гана эмес, тышкы мамлекеттик саясаттын да негизи болуп саналганын белгиледи.
Тышкы саясат ведомствосунун башчысы Кыргызстан эл аралык институттарды колдоонун, БУУну реформалоонун жана Уюмдун негизги органдарында мамлекеттердин адилеттүү географиялык өкүлчүлүгүн камсыздоонун ырааттуу тарапкери бойдон каларын ырастады.
Министр ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлеринин саясий эркинин аркасында Фергана өрөөнүндөгү көп жылдык чек ара маселеси жөнгө салынганын, бул Борбордук Азияда коопсуздукту, ишенимди жана диалогду чыңдоого негиз болгонун өзгөчө белгиледи.
Министр өлкөнүн көчмөн маданиятынын мурасын сактоодогу жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү боюнча глобалдык күн тартибин илгерилетүүдөгү активдүү ролун белгилеп, катышуучуларды 2026-жылы өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.
Жыйынтыгында Министр Ж.Кулубаев БУУга мүчө мамлекеттердин жогорку өкүлдөрүн Кыргызстан гуманизмдин жогорку стандарттарын коргоого, глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле адамдын негизги укуктарын камсыздоого багытталган көп багыттуу тышкы саясатын ырааттуу уланта берерине ишендирди.