www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетиндеги 12 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, УКМК Билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталган.
«Университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуунун тартибине ылайык, жогорку билим берүү уюмдарына, кесиптик окуу жайларына кабыл алуу тартиби милдеттүү түрдө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде бюджеттик формада окуган 12 студент чыгарылды», — деп жазылат маалыматта.
Учурда университеттин жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар кызмат адамдары жана башка адамдар аныкталууда.