www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөндөн кийин Кырчын жайлоосундагы 55 гектар жерди Маданият министрлигине өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу 23-июлда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин координатору Гүлбара Абдыкалыкова билдирди.
Анын айтымында, жерди трансформациялоо боюнча тиешелүү тапшырма Ысык-Көл облусунун бийлигине берилди.
Аймакта оюндарга карата курулуп жаткан объектилер, анын ичинде тамак-аш зонасы, этнобазар, Кыргызстандын облустарын чагылдырган дарбаза жана борбордук сахна сакталып калат.
Келечекте аянтчаны туристтерди кабыл алуу, ошондой эле маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонуу пландалууда. Аймакты башкаруу жана аны мындан ары өнүктүрүү Маданият министрлигинин көзөмөлүндө болот.
Ошондой эле аянтчаны биринчи оюндар өткөн жана долбоордун келип чыгышын эске салып турган туруктуу туристтик жайга айландырууну көздөшүүдө.