www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кувейттин коопсуздук күчтөрү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Бубиян аралында диверсия жасоо аракетин токтотушкан. Окуя учурунда КСИРдин төрт мүчөсү кармалган. Атылышуу учурунда бир кувейттик аскер жаракат алган.
Маалыматтарга караганда, топ стратегиялык мааниге ээ аралга балык уулоочу кайык менен кирип барып, «душмандык аракеттерди» жасоону пландаган.
Кувейттик расмий өкүлдөр кармалгандар алгачкы көрсөтмөлөрүндө коюлган айыптарды моюнга алганын билдиришти. Дагы эки адам бул окуяга тиешеси бар деп шектелип, учурда издөөгө алынганы айтылды.
Окуядан кийин Кувейттин Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин чакырды. Расмий чөйрөлөр бул окуяны өлкөнүн улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч катары баалашты.