www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Жыгачтагы жеке ишканада имаратка бетон аралаштыргыч кулап ичиндеги 3 жаран каза болгон. Алардын бири чет элдик жаран.
Чүй ОИИББдин маалыматы боюнча, 22-сентябрда саат 14:10до милицияга «НБ» ЖЧКсында бетон конструкциясы адамдарды басып калганы тууралуу чакыруу түшкөн.
«Бетон аралаштыргыч мунара орнотулуп жатканда, жабдуу имаратка кулап түшкөн, анын ичинде 3 жумушчу: 1995- жылы туулган Н.Б. аттуу уста, 1990-жылы туулган Ж.А. аттуу оператор, 1978-жылы туулган К.Э. аттуу экинчи оператор - чет элдик жаран болгон. Куткаруучулар жана милиция кызматкерлери алардын сөөгүн урандылардын астынан табышкан. Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталды», — деп жазылат маалыматта.
Шектүү катары 1979-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган И.И. жана 1990-жылы туулган Л.В. аттуу жарандар кармалган.