www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр» алтын кенинен 2026-жылдын январь–июль айларында мамлекеттик бюджетке 17 млрд 50,4 млн сом киреше салыгы түштү.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–июль айларында бюджетке түшкөн киреше салыгынын көлөмү 8 млрд 652 млн сомду түзгөн.
Бир жыл ичинде көрсөткүч 8 млрд 398,4 млн сомго же 97,1%га өскөн.
Түшкөн каражаттын негизги бөлүгүн «Кумтөрдүн» дүң киреше салыгы түздү. Жети айда компания бюджетке 11 млрд 861,2 млн сом төлөгөн.
Былтыркы жылдын ушул мезгилинде бул сумма 6 млрд 541,8 млн сом болгон.
Мындан тышкары, Кыргызстанда минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жыл сайын төлөнүүчү каражаттан 5 млрд 64,5 млн сом түшкөн. 2025-жылдын январь–июль айларында бул төлөм 2 млрд 110,1 млн сомду түзгөн.
Ошентип, бир жылда аталган төлөмдүн көлөмү 2,4 эсеге өскөн.
Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке түшкөн каражаттын өсүшүнө негизинен дүң киреше салыгы жана минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө багытталган төлөмдөр себеп болгон.