www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түштүк Судан Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Мондей Семайя Кумбанын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Тараптар 2026-жылдын 14-апрелинде Жуба шаарында өткөн тышкы иштер министрликтер аралык алгачкы саясий консультациялар ийгиликтүү болгонун белгилешти. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган консультациялардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү да айтылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүү жана бири-бирин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды.

Последние новости