www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 10-июнунда Россия Федерациясынын төрагалыгы алдында өтө турган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ)на мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына иш сапары менен барат.
Иш-чарада эл аралык жана аймактык коопсуздуктун учурдагы маселелери талкууланып, уюмдун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Жыйынга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери катышып, аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышат.