www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубада тери рагынын оор түрү — меланоманы дарылоого багытталган жаңы препарат иштелип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Мануэль Марреро Крус билдирди.
Препаратты Кубанын Молекулярдык иммунология борборунун адистери иштеп чыгып, ага 2C12 деген ат берилген. Иштеп чыгуучулардын айтымында, анын таасир берүү принциби иммундук системага рак клеткалары менен күрөшүүгө жардам берген пембролизумабга окшош.
Азырынча 2C12нин ракка каршы натыйжалуулугу далилдене элек. Препарат алгач клиникалык сыноодон өтүп, коопсуздугу жана натыйжалуулугу текшерилет. Биринчи сыноолор меланоманын жайылган түрү менен ооругандарга жүргүзүлөт.
Кубанын бийлиги мындай препараттарды өз өлкөсүндө иштеп чыгууну рак ооруларын дарылоону калк үчүн жеткиликтүү кылуунун бир жолу катары карайт.