www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводунун аймагында сакталган коркунучтуу химиялык калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады.

Долбоор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясына караштуу «Федералдык экологиялык оператор» (ФЭО) ишканасынын ортосундагы үч тараптуу макулдашуунун алкагында жүргүзүлөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, совет мезгилинде стратегиялык өнөр жай объектиси катары курулган «Кристалл» заводунун аймагында атайын металл цистерналарда болжол менен 80 тонна уулуу химикат сакталууда.

Бул химикаттарды экологиялык жактан коопсуз түрдө утилизациялоо маселеси акыркы 15 жылдан бери чечилбей келген. Адистердин айтымында, эскирген жабдуулар жана сактагычтар аймак үчүн экологиялык коркунуч жаратып келген.

Практикалык иштерди 2026-жылдын ноябрь айында баштоо пландалууда. Суук мезгил техникалык коопсуздук талаптарына байланыштуу тандалган.

Долбоорду 2027-жылы аяктоо күтүлүүдө. Жыйынтыгында мурдагы заводдун аймагын экологиялык жактан коопсуз абалга келтирүү пландалууда.

Последние новости