www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Украинанын чет мамлекеттердеги объектилерге жасаган соккулары мурдагы эл аралык тартипте согушка негиз боло турган аракеттер катары бааланмак деп билдирди.
Анын айтымында, Украина буга чейин Германиянын энергетикалык инфраструктурасына, Казакстанга таандык Каспий түтүк консорциумунун объектилерине жана жакында Ирандын кемесине сокку урган. Песков бул аракеттерди агрессивдүү деп атап, Иран өз укуктарын коргоого жөндөмдүү суверендүү мамлекет экенин белгиледи.
Ошондой эле ал жаңжалдын башка аймактарда кеңейиши эч кимге кереги жок экенин айтты.
Эскерте кетсек, 25-июлда Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украина Куралдуу күчтөрү Каспий деңизиндеги ирандык соода кемесине чабуул жасаганын билдирди. Натыйжада кемеде жарылуу болуп, бир деңизчи каза болуп, дагы бири жаракат алган. Бул окуядан кийин Иран Украинанын убактылуу ишенимдүү өкүлүн ТИМге чакырып, тышкы иштер министри Аббас Аракчи Евробиримдикти окуяга реакция кылууга үндөдү.
Ал эми, 26-июлда Иран парламентинин вице-спикери Али Никзад Тегеран бул чабуулга жооп берерин айтты. Министр Аббас Аракчи да ушундай билдирүү жасап, кол салуу Европаны жаңжалга тартуу максатында Израиль тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн деп билдирди. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Иран менен Түндүк Кореяны Украинага каршы аракеттерге катышып жатат деп айыптады.