www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-июлга караган түнү Краснодар шаарындагы Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна учкучсуз учуучу аппараттар (БПЛА) менен чабуул жасалып, анын кесепетинен өрт чыкты.
Краснодар шаарынын мэри Евгений Наумов билдиргендей, окуядан үч адам жабыркап, медициналык мекемелерге жеткирилди.
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким ошол эле түнү компаниянын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлору да чабуулга кабылганын билдирди.
Анын айтымында, учурда тиешелүү кызматтар менен биргеликте кесепеттерди жоюу иштери жүрүп жатат.
Краснодар крайынын ыкчам штабынын маалыматына ылайык, кампадагы өрттү өчүрүүгө 105 куткаруучу, 37ден ашык атайын техника жана тик учак тартылган.
Мындан тышкары, дрондордун сыныктары Краснодар шаарындагы эки көп кабаттуу үйгө жана Динская станицасындагы эки жеке турак жайга түшкөн.
Ал эми Армавир шаарында ишканалардын биринин аймагында өрт чыккан.