www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында Корея Республикасынын Өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.

Мындан тышкары Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин күч-аракеттери менен 28 миңден ашуун АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

Бүгүн, 29-майда, бул гуманитардык жардам Корея Республикасынан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди. 

Жалпысынан 26,950 ПЧР тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости