www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамбыл облусунун Кордай шаарында сот улут аралык жаңжалга себеп болду делген мушташтын эки катышуучусуна карата өкүм чыгарды.

Сот айыпталуучу Эрсман Юнху менен анын уулу Марат Юнхуну 2 жыл 6 айдан эркинен ажыратты. Мындан тышкары ата-бала жабырлануучу Төлеген Кудашбаевге 7 миң доллардай кун төлөөгө жана сотко кеткен чыгымдарды көтөрүүгө милдеттендирилди.

Кылмыш ишиндеги материалдары ылайык, 5-февралда Марат 78 жаштагы Кудашбаев жана анын уулдары менен урушуп кеткен. Мушташ учурунда карыянын жамбашы сынган, башынан жарат алып, мээси чайкалган.

Кордайдагы Манасчи, Каракемер жана башка дунгандар басымдуулук кылган бир нече айылдардагы жаңжал бул окуядан эки күн өткөн соң болгон. Кагылышуу учурунда 11 киши өлүп, 150 адам жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 30дай турак жай, 17 соода имараты жана 50дөй машине өрттөлүп, талкаланган. Кагылышка байланыштуу 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон. Жапырт башаламандыкка байланыштуу полиция 90дон ашуун кылмыш ишин козгогон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улут аралык чатакка байланыштуу Жамбылдын губернатору, Кордойдун акими жана облустук, райондук полиция жетекчилери баштаган бир топ аткаминерди кызматтан алган.

Казакстанда улут аралык өңүттөгү кагылышуулар (жергиликтүү тажиктер, чечтендер, түрктөр менен) буга чейин да болгон. Казак бийлиги адатта андай учурларды турмуш-тиричиликтин айынан чыккан уруш-талаш катары сыпаттайт жана улут аралык деп мүнөздөбөйт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости