www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч чет өлкөлүк жаран коомдук жайда коомдук тартипти бузганы аныкталып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Алар чет өлкөнүн жарандары: Y.X., 1987-жылы туулган, G.Y., 1989-жылы туулган жана Z.Z., 1989-жылы туулган экендиги аныкталды.

Такталгандай, аталган жарандар коомдук жайда коомдук тартипти бузуп, катуу үн чыгарып, айланадагылардын тынчтыгын бузушкан. Алардын бири коомдук жайда жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерине каршы келген аракеттерди жасаган.

Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ( Майда бейбаштык) ылайык протоколдор түзүлүп, андан соң алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, учурда аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү маселеси мыйзам талаптарына ылайык каралууда.

 

 

Последние новости