www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан PISA – 2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Министрлик муну 16 жылдык тыныгуудан кийинки «чоң ийгилик» деп баалап жатат. Бирок рейтинг көрсөтүп тургандай, реалдуу абал маңдай жарыла кубана тургандай ийгилик деп атоого ооз барбайт.
2009-жылы Кыргызстан 65 катышуучунун арасында акыркы орунда болгон. Быйыл 91 өлкөнүн ичинен 80-орундабыз. Демек, «11 орунга көтөрүлдүк» деген статистика шарттуу гана. Дегенибиз, кыргызстандык окуучулардын жыйынтыгы дүйнөнүн алдыңкы билим берүү системаларынан дагы эле кыйла артта экенин чагылдырып турат.
Математика – 364, табигый илимдер – 363, окуу сабаттуулугу – болгону 344 балл түзүптүр. Бул көрсөткүчтөр билим берүү системасында көйгөй дагы деле терең экенин көрсөтөт.
Ошондуктан министрликтин «эң башкысы эң артта эмеспиз» деген өзүн-өзү сооротуп коомду жоотконткон позициясы сынга татыйт. Анткени эң негизги максат, эң акыркы орунда болбоо эмес, балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылып, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу болушу керек.
Демек, министрлик эми рейтингди ийгилик катары көрсөтүүдөн көрө, эмне үчүн 16 жылда өсүш мынчалык жай болгонун ачык түшүндүрүп, мугалимдердин сапаты, окуу программалары жана айыл-шаардагы билим айырмасы боюнча конкреттүү план көрсөтүшү зарыл.
Ачык айтканда, 80-орун майрамдай турган жыйынтык эмес. Бул системаны олуттуу реформалоо керектигин көрсөткөн коңгуроо. Андыктан министр Догдургүл Кендирбаева мактаныч кылган «ийгилик» күлкү келтирген, ал түгүл ыйлай турган жыйынтык.