www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конго Демократиялык Республикасында окумуштуулар илимге мурда белгисиз болгон маймылдын жаңы түрүн аныкташты.
Примат өлкөнүн чыгышындагы Ломами улуттук паркындагы тропикалык токойлордо жашайт. Анын өзгөчөлүгү — кара тумшугу, кара жүнү жана кызгылт-сары түстөгү эриндери.
Жаныбар тууралуу алгачкы маалымат 2008-жылы чыккан, бирок анда болгону бүдөмүк сүрөт тартылган. Он жылдан кийин кайра байкалып, эл аралык окумуштуулар тобу изилдеп, жаңы түр экенин тастыктаган.
Бул акыркы 75 жыл ичинде Африкада табылган бешинчи жаңы маймыл түрү болуп калды. Изилдөөнүн жыйынтыгы PLoS One илимий журналында жарыяланды.