www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»   конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Демилгечилер – депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.

Маалымат менен демилгечилердин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө коюлган критерийлерди жана талаптарды карап чыгуу керектигин белгиледи.

 

Последние новости