www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор районунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы багытталган алдын алуу жана рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаралардын алкагында Кочкор районунун Төлөк айылы менен Калмак-Ашуу ашуусунун ортосунда күнү-түнү кезмет уюштурулуп, мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча көзөмөл күчөтүлгөн.

Рейддин жүрүшүндө Кочкор РИИБинин кызматкерлери Кара-Тал Жапырык мамлекеттик коругунун өкүлдөрү менен биргеликте Сөң-Көл жайлоосунун Батай-Арал аймагында текшерүү жүргүзүшүп, көлдүн жээгинен болжол менен 200 метр узундуктагы синтетикалык балык уулоочу торду табышты.

Табылган тор белгиленген тартипте алынган жана мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары, Сөң-Көл жайлоосундагы эс алуу жайларынын ээлери жана жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө, жаратылыш байлыктарын коргоо жана чет өлкөлүк жарандар менен мүмкүн болуучу чыр-чатактардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Кочкор райондук ички иштер бөлүмү жарандарды жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.

Последние новости