www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күндө X класстагы күчтүү жарылуу болду

Илимпоздордун маалыматына ылайык, 1-июлга караган түнү Күн бетинде эң жогорку X класстагы күчтүү жарылуу катталды. Бул Күндөгү эң кубаттуу жарылуулар катарына кирет.

Окумуштуулар бул окуя Күндүн активдүүлүгү жогорулап жатканын көрсөтөрүн билдиришти. Мындай жарылуулар көбүнчө космоско заряддалган бөлүкчөлөрдүн чоң агымын чыгарып, Жерге жеткенде магниттик бороондорду пайда кылышы мүмкүн.

Адистердин айтымында, бул көрүнүш байланыш системаларына, спутниктерге жана электр тармактарына таасир этүү коркунучун жаратат.

30-июнда да Күндө M класстагы бир нече жарылуу катталган. Бул Күндүн 25-циклдеги активдүүлүк фазасында экенин көрсөтөт.

Илимпоздор Күндөгү абалды байкоону улантып, жакынкы мезгилде мындай кубаттуу жарылуулар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Последние новости