www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын: 37 чет өлкөлүк автоунаа жана 187 жаран текшерилди

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар жүргөн жеңил автоунаалар жана алардын жүргүнчүлөрү текшерүүгө алынды.

Жалпысынан 37 чет өлкөлүк уюмдарга таандык жана жеке ишкерлик статусундагы автоунаа, ошондой эле 187 чет өлкөлүк жаран текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүү учурунда жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү эрежелерин сактоо, коомдук тартипти бузбоо, ошондой эле укук бузууларга жана кылмыштуулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын маалыматына ылайык, мындай профилактикалык иш-чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана укук бузууларды болтурбоо максатында үзгүлтүксүз улантылат.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости