www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1,5 айга жетчүдөй запасы бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө бензин жана дизель майы боюнча резерв көбөйтүлүп, Кытай менен да кошумча жеткирүү келишими түзүлгөн. Өкмөттүн максаты, кеминде 2,5 айлык запас топтоо жана бааларды турукташтыруу.
Амангелдиев күйүүчү май рыногундагы кыйынчылыктарга геосаясий жагдайлар жана Орусиядагы мунай кайра иштетүүчү заводдордун ишиндеги көйгөйлөр себеп болуп жатканын белгиледи.