www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын турукташтыруу боюнча чаралар көрүлбөсө, бензин жана дизель майынын баасы кыйла жогоруламак.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 120 сомго, АИ-92 — 114 сомго, ал эми дизель майы 148–150 сомго чейин өсүшү мүмкүн болмок.

Амангелдиев күйүүчү май рыногундагы кырдаал негизинен геосаясий факторлорго жана Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун ишине байланыштуу экенин белгиледи.

Орусия ички керектөөнү камсыздоо үчүн күйүүчү май экспортун убактылуу чектеген.
Өкмөт тартыштыктын алдын алуу жана бааларды кармап туруу үчүн бир катар чараларды көрүүдө.

Учурда Кыргызстан күйүүчү майды жеткирүүнүн альтернативдүү булактарын карап, Беларустан жана Кытайдан импорттоону баштады. Ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү күйүүчү майдын запасы мурда 2–3 жумага жетсе, учурда бул көлөм бир жарым айга чейин көбөйтүлдү. Кийинки максат — минималдуу запасты 2,5 айга жеткирүү.

Последние новости