www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адылбек Касымалиев күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөө үчүн өкмөт субсидия берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Бул маселе ири нефетрейдерлер менен өткөн кеңешмеде талкууланды.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, дүйнөлүк рынокто жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу бензин менен солярканын баасы 25–30% кымбаттаган. Ошондуктан Кыргызстанда бааны туруктуу кармоо үчүн кошумча каржылык жана салыктык чаралар даярдалууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына күйүүчү май базаларындагы бааларды күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды. Ал эми Энергетика министрлиги күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүү жана резервдерди толуктоо иштерин жүргүзөт.

Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы азырынча эки жумада болжол менен 1 сомдон өсүп жатканын айтты.

Последние новости