www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Толонов Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Контролдук-бюджеттик комиссиясынын жыйынына катышты.
Жыйынга Шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттеринин сенаторлору жана депутаттары, ошондой эле КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Данияр Толонов КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.
Муну менен катар жыйында Ассамблеянын ишмердүүлүгүн каржылоо, ошондой эле уюмдун бюджетин түзүү жана аткаруу маселелери талкууланды. Жыйындын ишине КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары – Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев да катышты.
Мындан тышкары, депутат Данияр Толонов жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна барышты. Башкы консул Алтын Сакеева менен жолугушууда миграциялык саясатка жана Башкы консулдуктун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланды.