www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев иш сапарынын алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районуна барып, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

ӨКМдөн билдиришкендей, министр өздүк курам менен жолугушуп, алардын кызмат өтөө шарттарын жана материалдык-техникалык камсыздалышын көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады.

Иш сапарынын жүрүшүндө министр Жар-Башы жана Дароот-Коргон айылдарындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгинде жээк эрозиясы коркунучу жаралган тилкелерди жеринен текшерип, тиешелүү кызматтарга алдын алуу жана коргоо иштерин күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Последние новости