www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген, «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстан Республикасынын ири бизнесмендеринин бири - Жумабеков Ерканат Берикбаевич тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Тагыраагы, Е.Жумабеков К.Асанбектин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбек менен тыгыз байланышын түзгөн.

Ошол эле учурда Е.Жумабеков кылмыш дүйнөсүнүн лидери менен достук мамиледе болуп, Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан "Барс" эс алуу борборунун аймагында К.Асанбек менен бир нече жолу бош убактысын жана жолугушууларын өткөргөнү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин жакын туугандарына Алматы шаарынын аймагына барганда ар тараптуу каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган.

Чогултулган материалдардын негизинде Е.Жумабековго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланды.

 

Последние новости