www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көл-Суу көлүнүн аймагы таштандылардан тазаланды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Көл-Суу көлүнүн жээгинде тазалык иштери жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана Көл-Суу, Көк-Кыя участкаларында туризм тармагында иш алып барган жарандар менен биргеликте аймактарды таштандылардан тазалашты.
Маалыматка ылайык, Көл-Суу көлүнүн жээгинде мындай санитардык тазалоо иштери мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат.

Иш-чаранын негизги максаты — аймактын санитардык абалын жакшыртуу жана жаратылышты таза сактоо.
Тазалык иштерине жергиликтүү тургундардын жана туризм тармагынын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу жаратылышты коргоого жана калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган.

Буга чейин социалдык тармактарда Көл-Суу көлүнүн аймагында таштанды көбөйгөнү тууралуу маалыматтар тараган.

Тиешелүү кызматтардын маалыматына караганда, буга акыркы үч күндө жааган тынымсыз жаандан улам көлдөгү суунун деңгээли көтөрүлүп, таштандылардын суу жана жээк аймагына сүрүлүп келиши себеп болгон.

Последние новости