www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Көк-Жардагы» мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда жолду тосууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 8-августта кылмыш ишинин алкагында 1962-жылы туулган И.Г. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал «Көк-Жар конушундагы жолду мыйзамсыз тосуунун негизги уюштуруучусу жана каржылоочусу» болгон.

«Бул аракеттер анын жер тилкелери менен мыйзамсыз операцияларга жана аларды трансформациялоого тиешесин жашыруу максатында курулуштарды мыйзамдуу түрдө бузууга тоскоолдук жаратууга багытталгандыгы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ 6-августта шаардык бийликтин «Көк-Жардагы» мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча иш-чаралары учурунда бир топ адамдар Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жолду тосуп алышканын эске салды.

«Жолдорду мыйзамсыз тосуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган Б.М., 1991-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган К.Н., 1990-жылы туулган М.У. жана 1965-жылы туулган А.Ж. кармалган. Мындан тышкары, 17 адам кармалып, аларга карата Укук бузуулар кодексинин «Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.

ИИМ И.Г. жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга тиешеси бар экендиги тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталганын билдирди. Жарандардан жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги тууралуу бир нече арыз келип түшкөн.

Милиция кармалган адам «жер мафиясы деп аталган топтун активдүү мүчөсү болгон — жарандарга жер тилкелерин мыйзамсыз саткан, кызмат адамдары жана мамлекеттик кызматкерлер менен сүйлөшүп алып иш алып барган, жарандарды жолду тосууга үндөгөн, ошондой эле башка чагымчыл аракеттерди жасаган» деп билдирүүдө. Бул факты боюнча «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМден билдиришкендей, «Көк-Жар» жаңы конушундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак жайларды курууга жол берген чиновниктерге карата текшерүү жүргүзүлдү. КР Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы М.К., Көк-Жар айылынын айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери, учурда Бишкек мэриясынын алдындагы Бишкек аза күтүү кызмат көрсөтүү мекемесинин директору Д.Э. жана Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Н. кармалгандыгы кабарланууда. Кармалгандар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда коррупциялык схемаларды уюштурууга жана катышууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Эскерте кетсек, акыркы бир нече күндөн бери борбордогу «Көк-Жар» турак жай массивинин №172 контурунун айланасында жаңжал чыкты. Мэриянын маалыматы боюнча, ал жерде 149 үй мыйзамдаштырылат, калгандары жер мунапысынын критерийлерине жооп бербегендиктен бузулушу керек. Мэрия участокторго мурдагы багытын — айыл чарба багытын кайтарууну пландаштырууда.

Последние новости