www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы китепканачы менен кош бойлуу мугалимдин ортосунда жаңжал чыккан № 56 мектепте болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Буга чейин 24.kg 21-майда кыргыз тилинен сабак берген жана китепканачы болуп иштеген аял кош бойлуу кесиптешине балдарынын көзүнчө кол көтөргөнүн билдирген. Мугалим окуучуларынын окуу китептерин тапшырганы барган. Китепканачы китептерди алуудан баш тартып, алардын ортосунда чыр чыккан.
«Китепканачы мугалимге кол салып, тытып салган. Анын бир нече окуучулары класс жетекчисине болушкан. Ал аларды түртүп барып, кабинетке камап салган», — деп жазган.
Муниципалитет бул окуя боюнча № 56 мектептин директорунан маалымат алышканын, ал окуу китептерин китепканага кайтаруу графиги мурда түзүлүп, бекитилгенин, бирок мектептин китепканачысы семинарда болгондугуна байланыштуу графиги жылып, китептер 21-май күнү кезек боюнча кабыл алынып, баштаган. Кош бойлуу мугалим кезек тартибин бузган.
«Натыйжада китепканачы менен бул мугалимдин ортосунда чыр-чатак чыгып, милицияга кайрылышкан», — деп билдирди мэрия.
Октябрь РИИБден билдиришкендей, 21-майда № 56 мектептин эки кызматкери тең бири-бирине арыз менен кайрылышкан. Керектүү экспертизалар дайындалды.