www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй регионалдык башкармалыгынын токойчулары NABU Kyrgyzstan уюмунун «Барс» тобунун кызматкерлери менен биргеликте Кичи-Суусамыр жайлоосунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган үч фактыны аныкташты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, эки жарандан эки сайлуу аңчылык куралы алынган. Алардын ар бирине карата административдик протокол түзүлүп, 10 миң сомдон айып пул салынды.
Мындан тышкары, дагы бир жаран балык уулоодо синтетикалык тор колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылып, ага 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырып, мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын билдирди.