www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Керебеттен кулап башынан жаракат алып нейротравматология бөлүмүндө жаткан Улуттук гвардиянын Б.Б аттуу жоокеринин ооруусун врачтар далилдей албай психикалык бейтапканага ата-энесинин уруксаатысыз которуп жатканын жоокердин жакындары Govori.TV сайтына билдирди.

Ал эми Коргоо министрлиги бул жоокер туурасында маалымат берүүдөн баш тартып, психикалык бейтапканага которулушу боюнча маалыматтары жок экенин билдирди.

Бул боюнча Улуттук гвардия бөлүмүнө байланышканыбызда, учурда Б.Б аттуу жоокери боюнча консилум болуп жатканын аскердик саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Талант Наматов билдирди.

Эске сала кетсек, 21-июнда Улуттук гвардиянын 701-бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан Б.Б. аттуу жоокер керебеттен кулап жаракат алып ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу маалыматты Govori.TV билдирди. 

Улуттук гвардиянын мындай шалаакылыгы жоокерлерге салкын көз карашы менен караган карамүртөздүгү бул биринчи жолку эмес. Урматтуу Сооронбай Шариповив,  Улуттук гвардияны тыкыр көзөмөлгө алып,  аскердеги окуяларды өз көзөмөлүңүзгө албасаңыз, ал тараптагы "итчилик" ашынып кеткен. Келишим менен аскерге барган кызматкерлердин колуна түшкөн, немистердин колуна түшкөндөй эле кеп. Андыктан биздин маалымат агенттик Улуттук гвардиянын айрым кызматкерлери менен соттошконго даярбыз жана далилдер бар.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости