www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы 25-августтан тартып «Тайган жарыш» аталышындагы жаңы коллекциялык күмүш тыйынды жүгүртүүгө чыгарды.

Тыйын Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган. Ал кыргыз элинин маданий мурасын даңазалоо жана жайылтуу максатында даярдалган.

Коллекциялык тыйында элдик майрамдарда байыртан өткөрүлүп келген, ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын программасына кирген тайган жарышы чагылдырылган.

Тыйын коллекциялык макамга ээ болгону менен, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты катары эсептелет.

Аны Улуттук банктын кассаларынан 8 900 сомго сатып алууга болот. Тыйын атайын акрил капсуласына салынып, кутучасы жана сапат сертификаты менен берилет.

Сатуу иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

Последние новости